23-апрелге карата коронавирус инфекциясынан 48 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен Бишкек шаарында 14, Нарын облусунда эки, Ош облусунда жети жана Ош шшарында 25.

Оорудан айыккандардын жалпы саны 302. Бүгүнкү күнгө карата 45 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен: 16 дарыгер, 18 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис.