«Тамеки чеккен адамдар башкаларга караганда коронавируска азыраак кириптер болору тууралуу маалымат тамекини таштагандардын кайрадан аны чегип алуусуна шылтоо болбошу керек» — дейт өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча башкы дирекциясынын башчысы Жером Саломон.

Ырасында эле, буга чейин француз окумуштуулары изилдөөлөрдүн натыйжасында никотин талап кылбагандарга караганда тамеки чеккендер коронавируска азыраак кириптер болорун айтып чыгышкан.

Бул гипотезаны тастыктоо үчүн жакынкы араларда курамында никотини бар дары-дармектерди колдонуу менен клиникалык изилдөө иштери өткөрүлмөкчү.

«Никотиндин коргоочу натыйжасы жөнүндө гипотеза бар. Ооба, бул гипотеза көптөгөн байкоолордон улам жаралды жана тамеки чеккендердин арасында COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар дээрлик жокко эсе экендигин көрсөттү. Албетте, бул жөн гана байкоо иштери, бул маселеде биз абдан кылдат болуубуз зарыл», — деди DGS башчысы.