Панкратов президенттин кеңешчиси кызматынан кетти

355

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Панкратов Олег Михайлович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Олег Панкратов президенттин кеңешчиси болуп 2019-жылы дайындалган.

Ошондой эле берген арызына ылайык, Ташпаева Назгүл Аскеровна Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду