Американын түштүгүндөгү Техас жана Оклахома штаттарында болуп өткөн торнадонун  кесепетинен улам беш адам курман болуп, жыйырмадан ашык адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирген.

Техас штатынын Полк округу боюнча өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыгынын берген маалыматына ылайык регионго каламайкан салган торнадодон  улам үч киши каза болуп 20га жакын адам жаракат алган, ошондой эле  турак жайлар, дүкөндөр жана инфраструктура объектилери катуу жабыркаган.

Ал эми Оклахоманын түштүгүндөгү Маршалл округунда болуп өткөн ошол эле бороондон улам эки адам каза болгон. Жергиликтүү эстремалдуу кырдаалдар кызматынын өкүлү Роберт Чейнинин айтуусу боюнча торнадо бир нече автоунааларды талакалап, бак-дарактарды түбү менен омкоргон.

Белгилей кетсек,  буга чейин Американын ушул эле түштүк региондорунда торнадо болуп өтүп, анда 30 адамдын каза болгондугу айтылган.