Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант милициянын полковниги Жеңиш Джоробеков түз эфирде Жалал-Абад областынын жана анын ичинде өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча сутка ичиндеги кылмыш окуяларга жана комендаттык сааттын эрежелерин бузгандар боюнча төмөнкүлөргө токтолуп өттү: — Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. 2020-жылдын 22-апрелинен 23-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 19 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 8 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы — 2170 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан — 13 атуул, ал эми Сузак районунан – 1 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 131 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 132 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Ошондой эле брифингдин аягында жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасап – “Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип үйдөн чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактоого чакырам. “Орозо айы менен мусулман бир туугандарды куттуктайм жана ошону менен бирге жакындарыңызды унутпастан, жардамга муктаж адамдарыбызга кол сунуп кайрымдуулук иштерин көбүрөөк жасасак. Кырдаалга жараша себепсиз көчөдө жүрбөй, ыйык Орозо күндөрүндө сарамжалдуу болууга үндөө менен элибизди сабырдуулукка жана ыктымакка чакырып кетемин» — деди Ж.Жоробеков.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы