АКШнын Ооруларды контролдоо жана алдын алуу боюнча  борборунун башчысы Роберт Редфилд сасык тумоо эпидемиясына туура келип кала тургандыктан келерки кышта болуучу коронавирустун экинчи толкуну азыркыдан алда канча катаал болору тууралуу WashingtonPost басылмасына билдирди.

«Вирустун келерки кыштагы чабуулу бүгүн биз баштан кечирип жаткандыгыдан алда канча катаал болушу мүмкүн. Себеби, сасык тумоо эпидемиясы менен коронавирус эпидемиясы бир мезгилге туш келиши саламаттык сактоо системасына «өзгөчө жүк» болот — деди Редфилд.

Белгилей кетсек, Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча АКШда коронавирус учурларынын саны 800 миңден ашса, каза болгондондун саны 45 миң адамга жеткен.