Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда сегиз өрт кырсыгы катталганны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тилсиз жоонун көбү Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда катталган.

Арча-Бешик конушунда «Лексус 470 GX» маркасындагы унаа толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.