Рекорддук өлчөмдөгү жумушсуздук АКШга ачарчылык алып келди. Коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам 22 миллиондон ашык америкалыктар ачарчылык менен күрөшүүгө аргасыз болушууда.

«Тамак-аш азыктарын чогултуу жана аны муктаж үй-бүлөлөргө таратуу менен алектенген белгилүү Feeding America («Американы тоюндурабыз») аттуу кайрымдуулук фонду жардам сурап кайрылгандардын саны күн санап өсүп жаткандыгын белгилеген» — деп билдирди Business Insiderдүйнөлүк жаңылыктар порталы.

Аталган уюмдун Сан-Антонио шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Эрик Купердин айтуусу боюнча анчалык чоң эмес өлчөмдөгү азык-түлүк үчүн турушкан узун автоунаалардын кезеги   коронавирус америкалык жарандардын турмуш-тиричилик абалына кыйратуучу таасир этип жаткандыгынан кабар берет.

Белгилей кетсек, Карантин эрежелери жана чектөөчү чаралары  жумушсуздуктун болуп көрбөгөндөй өсүүсүнө алып келген. Мисалы, Лос-Анджелес тургундарынын 50 пайызы кирешесиз калса, миңдеген жарандар азык-түлүк банктарында кезекте турушат. Ал эми коронавирустук инфекциянын эпицентри болгон Нью-Йорктогу кайрымдуулук уюмдары ачка калгандарды камсыздап жетише албай келишет.

Feeding America кайрымдуулук фондунун билдирүүсү боюнча эгерде вирус бүтүндөй өлкөгө жайыла турган болсо 17 миллиондон ашык адам ачарчылыкка кириптер болуусу ыктымал.