Кыргызстанда дары-дармекке болгон баанын кымбаттоо себебин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев төмөнкүчө билдирди:

Ал баалардын көтөрүлүү себебин чек аралардын жабык болгону менен түшүндүрдү.

Ошентсе да министрликке караштуу Дары-дармек менен камсыздоо департаменти бааларга көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылып жатат.

«Баалардын көтөрүлүшүнүн себеби — учурда чек аралардын баардыгы жабык, дарыларды алып келүүгө мүмкүнчүлүктөр чектелип жаткандыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок ошол эле кезде өтө кымбаттатып салгандарга чара көрүлүп, бул маселе тыкыр көзөмөлдө болууда», — деди ал.