«Сапар Исаков коргоочулардын колдоосунан кол жууду», — мындай пикирди мурунку премьер-министрдин адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Бул жагдайга Сапар Исаковду Петровка айылындагы колонияга которуу себеп болгон. «Ошол эле мезгилде Биринчи Май райсоттунда тарых музейи жана ипподром боюнча иш каралып жатат. Ал жерде эч кандай күнөөлүү деп далилденген документтер жок», — дейт адвокат. Токтакуновдун айтымында өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу Исаков менен жолугуп, сот процессине дайынданууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Эске салсак,  Сапар Исаков 2013-2017- жылдары Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иштеринин жүрүшүндөгү коррупцияга айыпталып камалган.