Деңиз архиологдору Левантийский деңизинин түбүнөн өткөн кылымдарга таандык кемелерди таап чыгышкан. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазып чыкты. Маалым болгондой, бул чөккөн кемелерде Осмон империясына таандык кымбат баалуу буюмдар болгон. Аларды Египеттен Стамбулга сатуу үчүн алып баратканда кеме чөгүп кеткен деп окумуштуулар божомолдошууда. Бул деңизде эң биринчи чөккөн кемелер б.э.ч 3- кылымга таандык. Ал эми акыркы чөккөн кеме 19- кылымга таандык болгон. Изилдөөчүлөрдүн айтымында алар деңиз түбүнө 2 чакырымга чейин казышкан. Жыйынтыгында археологтор алгачкы Кытай форфорун, Цзиндэчжэн печине бышырылып жасалган бөтөлкө, Индия калемпирин, Италиянын керамикасын табышкан. Мындан тышкары тээ Осмон империясынын тушунда топурактан жасалган тамеки салынып тартылчу түтүкчөлөр табылган.