Бир бейтапты дарылоого 3 миң АКШ доллары сарпталып жатканын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев келген суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Ал кошуна Өзбекстанда да ушундай наркта бейтаптар дарыланып жатканын айтып, Кыргызстанда да ушундай эле баа деди.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда жалпы 656 жаран коронавирус жуктуруп алган. Алардын 322си айыгып үйлөрүнө чыккан. Сегиз жаран илдеттен улам кайтыш болгон.