Учурдагы кырдаалга байланыштуу Кара-Суу районунун Тельман айылынын жаштарынын демилгеси жана айылдагы демөөрчү атуулдардын колдоосу менен #Абалың_кандай_айылдаш» аталышындагы кайрымдуулук иш-чара уюштурулду.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдиргендей, 130 үй бүлөгө 130 азык түлүк баштыкчасы айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө жана карыяларга таратылды.

Мындан сырткары мобилдик капчыктан атайын эсеп да ачылган.

Бул саамалык Ош облусунун бардык айылдарында улантыларын басма сөз кызматынан кошумчалады.