Россия Федерациясынын президенти Владмир Путин бүгүн, тагыраак айтканда 24-апрель күнү РФ жарандыгын алуу эрежелери жөнүндө мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзамга ылайык чет элдик жарандар жана жарандыгы жок, бирок такай РФ территориясында жашап келаткан адамдар  мындан ары РФ жарандыгын оңой эле ала алышат. Маселен, аталган мыйзам россиялык жарандыкты сурап кайрылган чет элдик адамдан башка өлкөнүн жарандыгынан баш тартуусун талап кылбайт.

Ошондой эле, кабыл алынган жаңы мыйзамда жарандыкты алуу үчүн милдеттүү түрдө РФ территориясында үч жыл жашоо жана жан багуу үчүн зарыл болгон киреше булагын көрсөтүү талабы каралган эмес.