Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде вице-премьер-министр, Коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди. Боронов оорунун жайылышынын алдын алуу иштеринин кийинки этабында илдет жуккандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо жүрөрүн айтты. «Ал үчүн бир апта бою эпидемиологиялык иликтөөлөр жүрүп, үймө-үй кыдыруу болорун билдирди.

Ал жаңы конуштарга жана эл жыш отурукташкан аймактарга өзгөчө көңүл бурулат» — дейт штаб жетекчиси.

 Жолугушууда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык аймактарында санитардык-эпидемиологиялык иштерди күчөтүлгөн тартипте улантуу зарыл деп эсептей турганын айтты.

Учурда өлкөдө вирус жуккандар менен байланышта болгондордун саны 2,5 миңге жакын адам, ал эми обсервацияда 914 адам жатат.