Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын ал-абалы менен таанышуу үчүн Кытай медициналык кызматкерлерден турган социалдык делегациясын Пхеньянга жөнөттү. Белгилей кетсек, акыркы учурларда анын ден соолугу кескин начарлап жаткандыгы тууралуу аңыз кептер байма-бай айтыла баштаган.

Түштүк Кореялык Daily NK басылмасы буга чейин Ким Чен Ын учурда жүрөк-кан тамыр системасы менен байланышкан операциядан соң дарылоо курсун өтүп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыялаган.

Аталган делегацияны Кытай Коммунисттик партиясынын эл аралык байланыштар боюнча бөлүмүнүн жогорку функционери жетектеп барат. Ал эми «Ким Чен Ындын өлүмү тууралуу» сурамжылоого катышкан эксперттердин басымдуу көпчүлүгү бул өңдүү  маалыматарды бир беткей четке кагышууда.