Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында (мурунку Воронцовка) коронавирустун 3 учуру катталды.
Илдетке чалдыккандардын экөө жубайлар. Эркек киши тракторчу болуп иштесе, аялы медицина кызматкери болуп эмгектенет. Алар коронавирус аныкталгандан кийин изоляцияга алынган.
Таш-Дөбө айылы бардык тарабынан курчоого алынып, жарандарга себепсиз сыртка чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары COVID-19 вирусу Беш-Күнгөй менен Лебединовка айылдарында да аныкталды.
Райондук бийликке эпидемиологиялык аймакты карантиндик зонага алуу, айыл өкмөтүндө иш-чараларлы чектөө, дезинфекциялык иштерди жүргүзүү, карантиндик режимди көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.
Булак: turmush.kg