Грузияда соттолгон жана издөөдө жүргөн М.Саакашвилинин Украинада Вице-премьер министр болуп дайындалышы акылга сыйбас иш. Бул тууралуу Грузия Өкмөтүн башчысы Георгий Гахария билдирген.

Георгий Гахариянын билдирүүсү боюнчаэгерде чыны менен эле Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун экс-губернатору  Михаил Саакашвили Украинанын вице-премьери болуп дайындалса, Грузия өзүнүн Украинадагы элчисин чакыртып алат.

«Украина Грузия үчүн стратегиялык өнөктөш болуп саналат жана муну эч ким өзгөртө албайт, бирок мындай өнөктөштүн бизде соттолуп, андан калса издөөдө жүргөн адамды жогорку бийликкедайындоосу  жакшы көрүнүш эмес»-деп кошумчалаган. Эске сала кетсек, кечээ 24-апрель күнү Украина лидери В. Зеленский  М. Саакашвилиге Вице-премьер-министр кызмат ордун сунуштаган.