Аксы районунда сууга агып кеткен 11 жаштагы баланын денеси Өзбекстандын аймагынан табылды.

Бул тууралуу Таш-Көмүр шаарындагы №2 издөө-куткаруу отрядынын командиринин орун басары Айбек Сариев билдиргенин Turmush басылмасы жазып чыкты.

Анын айтымында, учурда баланын сөөгүн Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

«Бүгүн эртең менен Өзбекстан тараптан суу азайганына байланыштуу каналдан өспүрүм баланын жансыз денеси табылды деген маалымат келген. Учурда чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан актылар түзүлүп жатат. Азыркы тапта куткаруучулар, чек арачылар жана баланын туугандары чек арада турабыз. Бир-эки сааттын аралыгында Өзбекстан тараптын тиешелүү кызматтары сөөктү Кыргызстанга өткөрүп бере турган болушту», — деди А.Сариев.