Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант милициянын полковниги Жеңиш Джоробеков түз эфирде Жалал-Абад областынын жана анын ичинде өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча сутка ичиндеги кылмыш окуяларга жана комендаттык сааттын эрежелерин бузгандар боюнча төмөнкүлөргө токтолуп маалымат берди: – Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. 2020-жылдын 24-апрелинен 25-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 19 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 3 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы – 2244 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Сузак районунан – 21 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 33 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 107 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Ошондой эле брифингдин аягында жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасап – “Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактоого чакырып өттү. Ошону менен катар, “Ынтымак бар жерге ырыс уялайт» демекчи, илдеттин алдын алып үйдө болуп, ынтымакта, ырыскы, дөөлөт менен үй-бүлөгө кам көрүүгө жана сабырдуулукка үндөп кетемин –деди Ж.Жоробеков.

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы