КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун чечими менен,өкүлчүлүктүн атынан, саламаттыкты сактоо кызматкерлерине 100 кап, санитардык карантиндик көзөмөл постто турган ички иштер кызматкерлерине 100 кап, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен аймактык башкармалыгына 50 кап ун берилди.

Мындай жардам өзгөчө кырдаал учурунда иштеген бир катар  мекемелердин маянасы аз, кенже тейлөөчү кызматкерлерине да көрсөтүлдү.

 Жалпы болуп 20 тонна ун  таратылып берилди.

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы