Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 80 жаран жеткирилип, 6 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары – 66,

Ош шаары – 1,

Жалал-Абад шаары – 5,

Сузак району – 2,

Нарын шаары – 4,

Ат-Башы району – 2.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3582 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.