Кара-Балта шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Канцуров Николай Иванович дүйнөдөн кайтканы кабарланды.

Ал 1925-жылы туулган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Кара деңизде кызмат өтөп, Украин фронтуна катышкан.

Ардагер карылар үйүнө өз каалоосу менен жашап, андан кийин Кызыл Жарым Ай уюмунун жалгыз бой адамдар үчүн курулган “Саламат” пансионатында жашаган.

Кыргызстанда Улуу ата мекендик согуштун 233 катышуучусу бар.