Мындай пикирин Москва мамлекеттик университетинин Молекулалык биомедицина жана иммунология борборунун директору, Россия илимдер академиясынын академиги, профессор Михаил Пальцев билдирди. Ал «Парламент” гезитине берген маегинде, «Вирус калктын тиешелүү бир катмарына таасир этет. Кесепети мурда айтылгандай эле улуу муундагыларга жана жаш балдарга да тийиши ыктымал. Коронавирустун күздөгү толкунуна сасык тумоо жана жөнөкөй эле респиратордук ооруларга даярдык көргөндөй эле камданыш керек деп эсептейм»,  – дейт академик.

Ошондой эле ал COVID-19 инфекциясынын азырынча вакцинасы жок болгондуктан алдын алуу чаралары маанилүү экенин белгилеген. Аны үчүн кадимки сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүп, витаминдүү азыктарды көбүрөөк жеп туруу сактануунун негизги жолдорунун бири экенин белгилеген.