Талас облусунун Кара-Буура районунда өзгөчө абал киргендеп баштап, коронавирус илдетин аймак алкагына жайылып кетишин алдын алуу максатында милиция менен жергиликтүү бийлик органдары тарабынан бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, COVID-19 илдетин алдын алуу жана жайылышын токтотуу максатында 1 санитардык-карантиндик пост Бакыян айылына орнотулган. Аталган постто милиция кызматкерлери, медицина, ӨКМдин кызматкерлери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. Андан тышкары илдетти алдын алуу максатында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте кошумча жалпы 12 пост коюлган. Нөөмөттө туруу жергиликтүү жашоочулар, аксакалдар сотторунун мүчөлөрү менен биргеликте ишке ашырылууда.

Ушуга эле катар, мобилдик топтор уюштурулуп, өздөрүнө тиешелүү аймактарында кайгулдоо жүргүзүлүүдө. Көчөлөрдө жергиликтүү тургундарга жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу максатында негизги эрежелер менен талаптар түшүндүрүлүүдө.

Посттордо кызмат өтөгөн жана кайгуул жүргүзүүгө тартылган милиция кызматкерлери керектүү болгон бардык жеке коопсуздук каражаттары, бет кап, коргонуучу кийимдер, кол кап жана антисептиктер менен камсыздалган.

ИИМдин басма сөз кызматы