Вирус табылган 13 жарандын экөөсү сырттан келген

365

Өткөн суткада катталган коронавирус жуктуруунун 13 учурунун экөосү сырттан келген.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, вирус Россия Федерациясынан кайтып келген жарандардан аныкталган, бирөөсү Соль-Илецк шаарында бир айдан бери туруп, мекенине келген, ал мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда анализи коронавирус бар экенин тастыктаган. Экинчи жаран Новосибирск шаарынан кайтып келген”, – деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев.