Санкт-Петербург шаарынын Москва районунда кыргызстандык таксист аялды зордуктап кетишкени тууралуу орус басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, милицияга такси кызматында иштеген 28 жаштагы Кыргызстандын жараны кайрылган. Анын айтымында, 23 жаштардагы Өзбекстандын жараны аны түнкү саат 3:30дарда зордуктаган. Зордуктады делген киши ыкчам түрдө кармалган. Кармалган шектүү жыныстык катнаш эки тараптын макулдугу менен болгонун билдирген.

Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ал эми шектүүнүн туруктуу жашаган жана иштеген жери жоктугу айтылууда деп маалымдалат билдирүүдө.