Журналист, акын Айжаркын Эргешова учурдагы оор күндөрдүн сабагы, карантиндик жашоо кимдердин эсинде калары тууралуу ой жорумун сунуштайбыз.

Эсимде, онду жаңы бүтүп окууга тапшырганы келгенде Ош окуясы болуп кетти. Тайенемдер Аксуу бою Төлөйкөндө, Озгур айлында жашашчу. Күндүзү элеңдеп басып, түндөсү маканин (жүгөрүнүн) арасында түнөчүбүз. Ошондо жылуу төшөгүмдү, чиедей бир туугандарымды, атамды, апамды, айылдагы бейпил түндөрдү сагынчумун. Үстүбүздөгү Он Адыр кыштагынан от чачкан ажыдаардай болуп күйгөн бочкалар айылга кулаганда дагы кайсы үй өрттөндү экен деп жүрөгүбүз алкымыбызга кептелчү. Күн сайын бир жумадан ашык «баланчаны союп кетиптир, баланчанын үйү өрттөнүптүр, Байышты (күчтүү спортчу, келечегинен көптү үмүттөндүргөн боксёр эле) атып кетиптир» деген кабарлады угуп үрөйүбүз уччу.

Ар бир эне постто турган балдарынын жанынын амандыгын тилеп, ар бир аял күйөөсүн коркунуч менен күтчү. Мен азыр ушул күнгө чейин тамак жасап жатканда кокустан май өрттөнүп кетсе жүрөгүм алкымыма тыгылып корком, тарс эткен үн чыкса көпкө чейин колу бутумдун титирегенин баса албай калчылдайм, уулум бир аз кечиксе эрбейип көчөгө чыгып жол карап отура берем.

Муну менен эмнени айткым келди, албетте азыр тынч заман, бирок ар бир учур изин калтырат. Балким бар тамагын жасап жеп, сын алгыны карап, бак шагын тигип отургандар унутуп калаар. Бирок бир үзүм нанга зар болгон үй бүлөлөрдүн жүрөгүндө калаарын билем. Күнүмдүк тамак үчүн жеке менчик үйлөрдөгү курулуш жумуштарына посттон постко жөө өтүп таманы кабаарып барып келген аталар унутпас.