Өзгөчө кырдаал учурунда кызмат өтөп жаткан тартип сакчыларына 100 кап унду жардам иретинде берген.

Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Арап Нийматовдор өз ара макулдашып, берилген ундарды Баткен облусундагы муктаждыктары зарыл болгон ИИМ ардагерлерине, жер-жерлерде санитардык карантиндик посттордо узак убакыттан бери кызмат өтөп жаткан үй-бүлөлүү кызматкерлерине жана техникалык тейлөө персоналдарына таратып беришти.

Берилген ундар ар бир кызматкердин үйлөрүнө жеткирилип берилди. Ушундай кырдаалда ИИОнун ардагерлерин көңүл сыртында калтырбай, аларга азык-түлүктөн жардамдар көрсөтүлгөнүнө ыраазычылыктарын билдиришти.

Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы