Бишкекке 100 автобус сатып алууга жарыяланган тендерди кытайлык «Xiamen king long united automative industry Co., Ltd.» компаниясы утуп алганын, шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, газ менен жүргөн автобустарды сатып алуу боюнча тендер быйыл кышта жарыяланган. Буга бюджеттен 650 млн. сом каралган. Тендердик комиссия жети ишкананын ичинен кытайлык компанияны тандап алган.

Белгилүү болгондой, Бишкекке 2020-жылы чыккан автобустар алынып келинет. Бир транспортко 70тен ашуун адам батат. Отургучтардын саны 26дан кем болбойт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн да ыңгайлуу экени айтылууда.