Бүгүн 28-апрелде онлайн брифингде, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев учурда саясатчылар жана шоу бизнес өкүлдөрүнөн вирус аныкталбаганын билдирди.

Онлайн брифингде саясатчылар жана шоу бизнес өкүлдөрүнүн арасында вирус жуктургандар барбы деген суроо түшкөн. «Бактыга жараша саясатчылар, депутаттар жана жылдыздар арасында вирус жуктургандар жок» — деп билдирди саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары.