Өлкөдө коронавируска каршы акысыз анализдерди алгач үй-бүлөлүк медициналык борборлордун кызматкерлери тапшырат. Бул тууралуу бүгүн 28-апрелде онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин айрымдары анализдерди тапшырып баштаган.

“Бүгүнкү күндө акысыз изилдөөлөрдөн өтө ала турган адамдарды аныктадык. Биринчи ооругандар жана алар менен байланышта болгондорду карап, кооптуу абалда иштеп жаткан Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медициналык борборлордун кызматкерлеринен алынат анализ. Ал эми илдетти жуктуруп алгандар менен алдынкы сапта күрөшүп жаткан дарыгерлердин анализдери алынып баштады”, — деди Үсөнбаев.