Өзбекстандын Бухара шаарында бороон-чапкындын кесепетинен бир адам каза болуп, 30 адам жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

27-апрелден 28-апрелге караган түнү Бухара, Навои, Самарканд жана Кашкадарьяда коңшу Түркмөнстандын аймагынан ылдамдыгы секундасына болжол менен 9-40 метрге жеткен катуу шамал болгон.

Бухара чөлкөмүндө каттуу шамалдан улам бир катар социалдык объектилер бузулган. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, 30 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. 26 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылган. Беш адам ооруканага жаткырылган, алардын биринин абалы оор.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга 700дөн ашык персонал жана 127 атайын техника тартылган. Катуу шамал Бухарага чектеш аймактарда да зыян келтирген.