“Өлкөбүздү кыйнабайлы…” Кыргызстандык мигрант мекендештерин сабырдуулукка чакырды
Москва шаарында көп жылдан бери иштеп жаткан кыргызстандык мигрант Айнура Жээнбекова учурдагы кырдаалга байланыштуу “жүгүн арткан” мекендештерин сабырдуу болууга чакырды.
Айнура айымдын журтташтарына кайрылуусун өзгөртүүсүз берүүнү туура көрдүк.
“Москвага 10,15 жыл мурун келгендер чыныгы мигранттын жашоосун көрүп, мигранттын нанын жегендер деп ойлойм. Андан кийинкилерди туристтерге эле окшоттум. Келсе жашаган жери дайын, документине, ишине баарына жардам бергени адам бар. Мына ошолор кыйынчылык көрбөй, сабыры түгөнүп баратабы дейм да. Биз келген маалда жашаганга квартира жок, жумушту өзүбүз жүгүрүп жүрүп издечүбүз. Каяктагы интернет, каяктагы телефон, каяктагы жердеш ру, каяктагы работа, зарплата. Анын баары кечээ эле чыкпадыбы. Орустарга экзотика биз болдук. Кийинки келгендерге көздөрү үйрөнүп калгандай болушту. Ишти тандабай иштедик, тамакты тандабай жедик. Анда каяктагы кыргыздын кафелери, түнкү клубдар, салондор, мед центрлер. Милиция бизди тоноду, бизди камады. Ошондо биз бир да жолу өкмөткө милдет кылып, силер бизди бакпай коюп биз тентип кыйналып ачка калдык, талаада калдык дебептирбиз го. Бир жылдары нацисттер кырып эле өлтүрдү мигранттарды. Эсиңерде барбы канчалаган груз 200ти кетип жатты. Ошондо деле кырылып калдык бизди өлтүрүп атат алып кеткиле деп догурунбай эле отурдук эле. Акча таап Кыргызстанга жөнөтүп, экономикасын көтөрүп атабыз деп оозубуздан түшүрбөй мактанып атпадык беле кечээ эле. Эми бизди баккыла, алып кеткиле дегенибиз эмне. Сабыр кылып туралы. Ички кухнябыздын эшигин ачып, элдин баарына уят болмой болдук, айрыкча Москвадагы мигранттар. Өзбек, тажик туугандар эмнеге бизге окшоп алып кеткиле, ачка калдык дебей эле отурушат го. Бизге караганда айлыгы аз жумуштарда ошолор иштешчү. Карантин башталгандан бери ун деле жок. Алардын деле посольствосу бар, видеого тартып чыгара турган телефондору бар, бизге окшоп эле соц сеттерде отурушат. Себеби аларда сабыр деген нерсе күчтүү экен деп койдум. Мигранттын нанынын катуу экенин, тиши өткөн гана жей ала турганын билишет экен да. Сабыр кылып туралы биз дагы, москвалык жердештер. Кетсек эртең эле келебиз, Москванын нанын жеп үйрөнүп калдык, азга алымсынбайсыңар!!! Кыргызстан кыйналып турганда, андан бешбетер кыйнай бербейличи!!!”
Булак: Коом пресс