Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант милициянын полковниги Жеңиш Джоробеков түз эфирде Жалал-Абад областынын жана анын ичинде өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча сутка ичиндеги кылмыш окуяларга жана комендаттык сааттын эрежелерин бузгандар боюнча төмөнкүлөргө токтолуп маалымат берди:

— Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. 2020-жылдын 27-апрелинен 28-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 19 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 9 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.

Андан сырткары күндүзгү алдын алуу жана түшүндүрүү иштери менен катар коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы — 2406 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан – 1, Сузак районунан – 4 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 11 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 102 автоунаа айып аянтчасына коюлган.

Ылайым эле мындан нары бөөдө кырсыктан, үй-бүлөлүк жаңжалдан алыс болуу менен бирге ар бир үй-бүлөнүн төрүндө ак сакалдуу, сары тиштүү ата-энебиз ак батасын берип, ынтымак, ырыскы болсун, баланын каткырган шаңдуу күлкүсү жаңырып турсун. Үй-бүлө бул кичинекей мамлекет, үй-бүлөнүн тынчтыгы бул – мамлекеттин тынчтыгы” – деди Ж.Жоробеков. Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы