Апаатка карабай Колифорнияда жээктерде эс эл алып жүргөндөр көп болууда. Бул тууралуу штаттын губернатору Гэвин Ньюсон The Guardian агенттигине билдирди.

Буга чейин Оранж жана Вентура округунун жергиликтүү бийлиги, жарандарга жээкке келүүсүнө уруксат берген. Ошондуктан азыр көпчүлүк жарандар Тынч океандын жээгинде ысыктан коргонууда.

Бирок бул COVID-19 вирусун жеңдик дегендикке жатпайт. Өлкөдө дагы деле вирустан кооптонуу бар.

Калифорнияда 45 157 инфекция жуктургандар катталган. Жалпысынан АКШ да пандемиядан жабыр тарткандар саны 1 миллион 10 миң 507 киши. Анын 56 803 ү каза болгондор. Сакайып чыккандар 139 162 .