Жатак үйлөргө жаңы үлгүдөгү 8 телевизор берилди

575

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү интернаттардагы балдарды аралыктан окутуу үчүн акыркы үлгүдөгү 8 телевизор жана 10 роутер алып берди.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жабдуулар Чүй облусундагы үч интернаттык мекемеге жеткирилди.

Ушул тапта өзгөчө абал шартында интернат тибиндеги 5 мекеме иштеп жатат. Төртөө Чүй облусунда жана бирөө Ошто. Мындагы жалпы тарбиялануучулардын саны 392,  алардын ичинен 355и мектеп курагындагы балдар.