Австралия тургуну Билл Морган жөнөкөй айдоочу болгон. Ал оор жүк ташуучу унаада жашаган. Күндөрдүн биринде Билл аварияга учурап ооруканага түшүп калат. Дарыгерлер туура эмес дары куюп Морган комага түшүп калып, 14 күн комада жатат. Анын жакындарына дарыгерлер аппараттан чыгарууну айтып, даяр болууга чакырат. Бактыга жараша Билл 14чү күнү өзүнө келет. Ооруканадан айыгып чыккан соң Билл башкача жашоону чечип, 37 жашында үйлөнөт. Дүкөнгө барып лотерея сатып алат, андан 17 000$ утушка ээ болот.

Мындай бактылуу көз ирмемдерди уккан журналисттер Билл тууралуу репортаж жасайт. Журналисттер Биллден кантип лотерея сатып алганын көрсөтүп берүүнү өтүнүп, аны камерага тартышат. Билл дүкөндөн экинчи ирет лотерея сатып алат. Үйүнө келип камера алдында аны сүртүп баштайт. Камерага карап мен уттум деп айтат. Биллдин ушунчалык актёр экенине журналисттер таң калат. Көрсө Биллдин экинчи лоторея билетинен 250 000$ утуш чыгат.