Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 73 жаран жеткирилди.
Алардын ичинен:
Бишкек шаары – 47,
Ош шаары – 12,
Жалал-Абад шаары –2,
Сузак району – 4,
Нарын шаары – 6,
Ат-Башы району – 2.
Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3727 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.
ИИМдин басма сөз кызматы