Улуттук банктын чечими боюнча кредит алгандардын негизги суммасы менен үстөк пайызы үч айга чейин жылдырылды – деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата 52 миңден ашуун жарандын 50 млрд. сомго жакын насыясынын төлөө мөөнөтү узартылды.

“Дагы бир нече кайрылуулар каралып жатат. Алар боюнча да өлкөнүн башкы каржылык мекемеси краап, чечим чыгарат”,-деди Асрандиев.