Өздөрүн укук коргоочулардын элиталары катары санаган бейөкмөтчүлөр бар. Алардын анабашында «Адилет укуктук клиникасы» деген уюму аркылуу чет мамлекеттерден келген гранттарды «адалдаган» Чолпон Жакупова деген айым турат. Ушул күнгө чейин Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келген бир дагы ишти жасай электигин баса белгилеп койсок туура болот.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу өлкөбүздүн айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилип, анын натыйжасында күнүмдүк тамак-ашын күнүгө иштеп таап жеп келген бир топ үй-бүлөлөрдүн кыйынчылыкка кептелип калганы да маалым. Колунда бар мекендештерибиз, ишкерлер, депутаттар, саясатчылар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдорунан келишинче азык-түлүк жеткирип беришүүдө. Бирок, баары бир дагы деле жардамга муктаж адамдар көп болууда. Өзгөчө 3-4төн, алтургай 7-8 баласы менен жалгыз калган энелердин айласы куруган жашоолору белгилүү болууда.

Тактап айтсак, мунун баары интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу калың элге жетип отурат. Мына ушундай оор убакта эмнегедир Чолпон Жакупова айымдын боор ооруу сезими таптакыр козголбой жатканына таң болгондор көп.

Бул айым «Фейсбук» социалдык түйүнүндө күнү-түнү чыкпай отурат. Демек, жалгыз бой энелердин бала-чакасын бага албай кыйналып жаткан фактыларынан кабары бар.

Эскилиги жеткен, бузулайын деп эле калган үйлөрдө, полу да жок сыз жайларда жарым-жартылай гана курсактары ток балдары менен айласы куруп жашап жаткан аялдардын тагдырын Чолпон Жакупова көрүп эле жатса керек. Ал аялдар карантинге байланыштуу иштеп жаткан иштерин убактылуу жоготушкан, натыйжада күнүмдүк кирешелери жок калган. Энесинин акчасы жок калганын чыт курсак балдар билмек беле? Алар тамак жегилери келет, эне байкуш эмнени берерин билбей аргасы куруйт.

Мына ушундай убакта өзүн укук коргоочулардын элитасы санаган, өзгөчө аялдардын укугун коргойм деп жулунган Чолпон Жакупова эмнеге ошол аялдарга кол сунбайт?

Эмнеге аларга азык-түлүк жагынан жардам бербейт? Же «элиталык» бейөкмөтчүлөр социалдык түйүндөрдө, кымбат отелдердин вип-залдарында өткөргөн тегерек столдорунда, конференцияларында эле «ызы-чуу» жаратканга жаралышканбы?

Же бул бейөкмөтчү айым колунда жок, эптеп гана күн көрүп жаткан аялдарды теңине албайбы?

Алардын укугун коргоону намыс көрөбү? Эгерде Чолпон Жакупова өзүнүн «грант жеш» боюнча өнөктөштөрү Эркин Убышева, Динара Ошурахунова сыяктуулар менен чогуу шаарыбыздагы батирлерде жашап, жардамга муктаж болуп тургандарды кыдырып, кайрымдуулук жасап коюшса кичинекей болуп калышат беле? ПРООН, «Сорос» фонду, NED, NDI, УВКПЧ сыяктуу эл аралык гигант уюмдардан алган өз гранттарынан жакыр жашаган үй-бүлөлөргө кайрымдуулук кылып коюшса неге болбойт эле?

Же булардын көздөрү тунарып, жүрөктөрү таш болуп калганбы? Эгерде ошондой болсо, анда булар кантип адам укугун коргошмок эле?