Өмүрбек Текебаев саясаттан кетүүгө даяр, ал тургай тиешелүү иш чөйрөсүн да тандап койгон. Бул тууралуу саясатчы “Говори” ток-шоусунда айтып берген.
Азыркы учурдагы кырдаалга туш келип калганыбызга сиздин жоопкерчилигиңиз барбы?, – деген суроого “Албетте, кандайдыр бир деңгээлде менин жоопкерчилигим да бар. 25 жылдан ашык мен үй-бүлөлүк кландык башкарууга каршы оппозицияда болдум. Ошондуктан, кандайдыр бир деңгээлдеги жоопкерчилик менде да бар. Башка кошуна мамлекеттердин саясий оппозициясына караганда биз бир нече ирет: 2002-жылы Аксы окуяларынан кийин, 2005-жылы жана 2010-жылдагы революциялардан кийин саясий ландштафты өзгөртө алганбыз”, – деп айткан Текебаев.
Ал эми саясаттан кетүүсү боюнча: “Эгер мага саясаттан кетүүгө туура келсе, физикадан жана коомдук илимдерден онлайн түрүндө балдарга сабак берем. Азыркы учурда окутуучулардын сабактарын Ютубдан көрүп жатам”, – дейт саясатчы.
Конституция тууралуу: “2010-жылы биз саясий системаны өзгөрттүк. Конституция түбөлүк идеалдуу болбошун билгенбиз. Конуституция-юридикалык гана эмес, тарыхый, тилекке каршы, саясий документ да болуп саналат. 2010-жылы биз бул документ идеалдуу эмес экенин жана түбөлүккө жарабашын билип туруп, Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 1-сентябрынан азыркы Конституцияга өзгөртүү киргизе алат дегенбиз. 10 жыл корутунду чыгаруу үчүн жакшы убакыт”, – деди Өмүрбек Текебаев.
Ошондой эле саясатчы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевде таарынычы жоктугун жана аны кечиргенин билдирди.
Булак: NazarNews.kg