Бүгүн Бишкек шаарынын негизделгенине 142 жыл болду. Жыл сайын 29-апрелде Кыргызстандын борбору Бишкектин туулган күнү белгиленет.

Бул жылы вируска байланыштуу карантинден улам майрамдык оюн-зооктор уюштурулган жок. Шаардык кеңештин спикери Жаныбек Абиров элди Интернет аркылуу куттуктап, тургундарды биримдик менен ооруну жеңип чыгууга чакырды.

Белгилүү болгондой, борбор калаа эсептелген Бишкектин калкы 1 миллиондон ашат. Төрт район бар, алар — Биринчи май, Ленин, Октябрь, Свердлов.

Маалым болгондой, шаар 1878-жылы Пишпек болуп түптөлүп, 1926-жылы Фрунзе деп өзгөртүлгөн. 1991-жылы Кыргызстан СССРден бөлүнүп, эгемендик алган соң Бишкек деп аталган.

Эске салсак, борбор калаанын аты XVII кылымда жашаган Бишкек баатырдын ысымынан коюлганы айтылып жүрөт. Дагы башка мааниси жыгачтан жасалган курал, кымыз аралаштыргыч таяк деп да айтылып жүрөт.