“Токуганда көйгөйдү саамга унутам…” Уулунун дарысы үчүн көзүн курмандыкка чалган айым
Татьяна Боршевская 33 жашта. Кара-Балта шаарында жашайт. Ал балдар үчүн ар түрдүү жумшак оюнчуктарды түйүү менен күн кечирет. Токуган оюнчуктарын сатуудан түшкөн каражатка талма оорусу менен жабыркаган уулуна дары-дармек сатып алат.
Каарманыбыз бул иш менен алектенип келе жатканына тогуз жылдан ашкан. Адегенде бала чагында чоң энесинен үйрөнгөн хоббиси болсо, учурда киреше табуучу бирден-бир булагы.
“Мен биринчи токугандан тарта ушул күнгө чейин оюнчуктарды Зулфира Хайбуллина сатууга жардамдашат. Көбүнчө социалдык тармактар аркылуу сатылат. Менин биринчи оюнчуктарымды сатып алган кардарларым азыр деле буюртма берип алышат. Бир канча оюнчуктарымды чет өлкөгө алып кетишкен”,-деди.
«Менин бул жумушумдун артыкчылыгы – токуп жатканда көйгөйлөрдү бир саамга болсо да унутам. Бала кезимде чындап жактырган же кыялданган мультфильмдеги каармандарды түйүп, жеткинчектерди кубантып жатам деп өзүмдү сооротом»,-деп кошумчалады каарманыбыз.
Акыркы убактарда токуу кыйын болуп, көздүн көрүүсү начарлай баштады дейт.
Ага карабастан Татьянанын бир гана тилеги бар – уулун айыктыруу.
Эгерде, окурмандар каарманыбыздын колунан жаралган түрдүу оюнчуктарды сатып алгысы келсе 0550417113 ват сап номери аркылуу кайрылса болот.