Жалпы республикалык тестирлөө карантин бүткөндөн кийин эки менен өтөт.

Бул тууралуу 29-апрелде брифингде вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, ЖРТны дистанттык режимде өткөрүүгө болбойт.

«Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрдүн 80%ы тестирлөөгө катталды. Тестирлөө карантин бүткөндөн кийин реалдуу режимде өтөт. Ал 2 этаптан турат. Билим берүү министри жакында пландалган бардык иш-чаралар боюнча маалымат берет», — деди Исмаилова.