Мактоосуз өскөн муунбуз, Зайырбектин китеби чыккандан бери ар ким ар кандай мактоосун жаадырып жатат.
Кээ бири «Ажыматов алп акын» деп сүрөтүн коюп дегендей, буга кылдай ичим күйгөн жок, кайра шенейип биякта менин да мурдум көтөрүлүп жатат, Зайырбек инимдин шенейген мурду кантти экен садага, биякта менин мурдум шенейип жатса.


Зайырбек илгери эле мыкты акын болчу. Канчалаган жылдарыбызды уттурдук, окурмандарыбызды жоготтук. Кайра таап келатабыз.
Илгери бала кезде «бекин-жашын» ойногонубузда бирөөбүз дубалга башыбызды жөлөп, калганы жашынып, ошол башын жөлөп убакыт санаганы көзүн ачканда: «Өлгөнүн өлдүн калганын калдың» — деп, баш көтөрүп жашынгандарды издеп жөнөчү элек.

Ошол сыңары биздин муун ошондой болду. Чыкканы чыкты, чыкпаганы мыкты ырларын куржун-баштыгына салып узакка көтөрүп, канча мыкты ырларын жоготту…Тапты. Мына ошолор: Нурлан Калыбеков, Жыргалбек Касаболотов, Олжобай Шакир, Атахан Кожогулов, Жыпар Арыкова, Жыпар Исабаева, Назгул Осмонова, Венера Бөлөкбаева, Айжаркын Эргешова, Аида Эгембердиева, Кубатбек Оторбаев, Кубанычбек Болотканов, Шабдан Сулайманов, Марат Токоев, Айсулуу Көкөева, ыраматылык Бакытбек Абдыразаков, Нургүл Абдыразакова, Шоола Молдоканова ( дагы мен унуткан болсом кошоорсунар) Мыктыбек Өмүрзаков, Бахпур Аленов биздин муундун тагдырына кошулуп калган Майрамбек Токторов, Болот Таштаналиев, Толукбек Мендибаев, Жумадин Кадыров, Сирень Сарбалаева сыяктуулар эле.


Булардын ар бири айтаарга арзырлык акындар. Жакшы ырларын жыйырма — жыйырма беш жыл мурда жазгандар. Айтайын деген кептен алыстап кеттим көрүнөт.Зайырбекти ашыра мактай бербегиле дегеним, анткени дагы жакшы ыр жазсын дегеним.
Биздин муун жетим баладай болуп, өз киндигин өзү кесип үйрөнгөн. Зайырбек, өзүң деле көрдүң го, ката тапса оңой эле таап алат, керек болсо дефис, үтүр, чекиттен да 😀 так что мактоого мадырая бербе үкө, бул сага достугум. Сенден дагы мыкты ырларды күтөбүз.

Айнагул Базарбаева, 2019-жыл, октябрь