РЕН ТВ телеканалынын билдирүүсү боюнча ДССУнун Европалык регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге  Тажикстан жана Түркмөнстан мамлекеттери үчүн болгон миссияга жардам берүү өтүнүчү менен Роспотребнадзор башчысы Анна Павловага кайрылган.

Кайрылууда коронавирус жок экендигине карабастан аталган эки өлкөдө атиптүү пневмония (өпкө кагыны) менен каза болгондордун саны күн санап өсүп жаткандыгы тууралуу айтылат.

Клюге техникалык жана саясий көз караштан алганда россиялык жардам азыр маанилүү экендигин белгилеп, ошону менен бирге бул аталган эки өлкөнүн лидерлери коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча ДССУнун сунуштарына олуттуу мамиле кылуусу  керектигин дагы эскерте кетти.