Бир сутка ичинде 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.
Алардын бирөөсү Бишкек шаарында, экөөсү Чүй облусунда жана Ош облусунда бир.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 195 учур катталды, алардын ичинен 105 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.