4-майдан 15-майга чейин Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылат.

Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

«Тестирлөө жүргүзүү убагында бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат”, — деп билдирди КР билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.