ЖОЖдор абитуриенттерге каалгасын 20-июлда ачат
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына тапшыруу төмөнкүдөй этап менен жүргүзүлөрүн билим берүү жна илим министри Каныбек Исаков билдирди.
— каттоо 4-15-майда аяктайт;
— 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
— 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
— 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
— 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
— ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;
— 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;
— 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;
— 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.
Адистештирилген орто окуу жайларына документтерди тапшыруу 1-июлда башталат.
«Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат»,-деди министр.